Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы (мындан ары Башкармалык) тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.
Курулуш объектилерин текшерүүдө Бишкек шаарынын Токмок көчөсү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдө курулуш нормаларынын бузулгандыгы жана долбоордон сырткары иш жүргүзүлгөндүгү аныкталды. Мындан сырткары Мичурин 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу объектиде дагы долбоордон сырткары курулуш иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада эки объектинин курулуш иштерин жүргүзгөн “Стальмонтаж плюс” ЖЧКсына карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, 423 000 сом (төрт жүз жыйырма үч миң) сом өлчөмүндө айып салынды.
Ошондой эле башкармалык тарабынан жазуу түрүндө эскертүу берилип, “Стальмонтаж плюс” ЖЧКнын лицензиясы курулуш объектиси долбоорго ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.
Башкармалык курулуш-монтаж иштерин Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына жана макулдашылган долбоорго ылайык аткарууга чакырат. Курулуш
министрлиги долбоордогу материалдарды колдонуу, техникалык коопсуздук
эрежелерин жана бардык курулуш ченемдерин так сактоо зарылдыгын эскертет.


