icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Лахолдогу спорт комплекс быйыл бүткөрүлөт

Нарын районуна караштуу Лахол айылында наркы 57 миллион сомду түзгөн жаңы спорт комплекс салынууда. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Учурда иштин 88 пайызы аткарылды. 

Долбоор боюнча спорт комплекс эл аралык стандартка жооп берген эки кабаттуу имараттан турат. Объекттин жалпы аянты 910 чарчы метрди түзүп, спортчулар үчүн бардык шарттар каралат.