icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Панфилов районунда жаңы административдик имараттын курулушу башталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, аймактардагы эскилиги жеткен архитектура башкармалыктары үчүн жаңы имараттар курулуп жатат. 

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы Мир көчөсү 2/3  дарегинде Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу башталды. 

Жалпы аянты 311,84 чарчы метр. Долбоорго ылайык, жаңы имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмө бар. Заманбап стандарттарга ылайык курулуп жаткан имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар, жарандар үчүн жеткиликтүү кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт. 

Бүгүнкү күндө эскиздик долбоору даярдалып бүтүп, жер казуу (котлаван) иштери жүрүп жатат. 

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондогон жаңы административдик имараттар салынып жатат.