icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Токмоктогу жаңы спорт комплексинин курулушу менен таанышты

Бүгүн, 15-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Токмок шаарындагы бир катар объектилерде жүрүп жаткан курулуш иштери менен таанышты.

Иш-чара жаңы спорт комплекси курулуп жаткан аянтты текшерүүдөн башталып, ага шаар мэри Алтынбек Эргешов жана тиешелүү кызматкерлер катышты.

Шаардын 3-кичи районунда курулуп жаткан спорт комплексинде жаштар үчүн бардык шарттар түзүлөт. Жалпы аянты 1320 чарчы метр. Долбоорго ылайык, кичи футбол аянтчасы, бокс жана күрөш боюнча атайын машыгуу залы, машыктыруучулардын бөлмөсү жана кийинип-чечинүүчү бөлмөлөр каралган. Спорт комплекс жалпы 200дөй көрүүчүгө ылайыкталган, ал эми экинчи кабатына стол тенниси үчүн зал каралган.

Министр курулуштун сапатына көңүл буруп, объектти белгиленген мөөнөттө толугу менен бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, жаңы спорт комплекстин курулушу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, быйыл июль айында башталган.