Аксы районуна караштуу Кербен шаарында 275 орундуу мектептин курулушу башталды. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин наркы 188 миллион сомго бааланды.
Башкы план боюнча мектеп заманбап үлгүдө салынып, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залынан турат. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин кабинети жана балдар, кыздар үчүн эмгек каласстар каралат.
Учурда объекттин пайдуланып кую иштери жүрүп жатат.


