icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Алмалуу капчыгайындагы мыйзамсыз курулуш боюнча чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери тыкыр көзөмөлдөнүүдө.

Текшерүү иштеринин алкагында Ак-Суу районунун Алмалуу капчыгайында жайгашкан эс алуу жайынын реестрге катталбагандыгы жана курулушка уруксат берүүчү документтери жок экендиги аныкталды. 

Натыйжада жеке ишкер М.А. Озубековго карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык административдик чаралар көрүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле, юридикалык баа берүү үчүн текшерүүнүн материалдары Укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.