icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Чүй: Токмокто жаңы административдик имарат курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токмок шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугуп, алар иштеп жаткан имараттын абалы менен таанышты.

Бүгүнкү күндө Токмок шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери өз имараты жок болгонуна байланыштуу 4 кабаттуу имараттын экинчи кабатында ижарада иштеп келет. Министр белгилегендей 2026-жылы кызматкерлер жаңы административдик имаратта иштей баштайт. Бүгүнкү күндө шаардын Жантаев көчөсүндө жаңы имараттын курулуш иштери уланууда. Курулуш иштерин министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. 

Нурдан Орунтаев өз сөзүндө, өлкө аймагындагы министрликке караштуу бардык административдик имараттар жаңыланып жаткандыгын белгиледи. “Аймактардагы инфратүзүмдү жакшыртууда архитекторлордун орду чоң, демек архитекторлордун отурган имараты да инфратүзүмгө үлгү болушу керек”-деди министр. 

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу жаңы имаратта жыйындар жана күтүү залы, архив, кабылдама, бирдиктүү терезе жана техникалык бөлмө каралган. Заманбап стандарттарга ылайык курулуп жаткан имаратта кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү камсыздалат. 

Белгилей кетсек, жаңы административдик имараттар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстары менен курулууда. Учурда өлкө боюнча ондон ашык жаңы административдик имарат салынып жатат.