icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Курулуш объектисиндеги топуракка лабораториялык сыноо жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Нурматов көчөсү 82 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисиндеги топуракка текшерүү жүргүзүлдү.

Көчмө лабораториянын кызматкерлери топурактын тыгыздыгынын сапатын көзөмөлдөө боюнча иш жүргүздү. Үлгү алуу МамСТ 28514-90 талаптарына ылайык аткарылды, бул топурактын керектүү ченемдерге шайкештигин аныктоого жана келечектеги имараттын коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет.

Алынган үлгүлөр андан ары лабораториялык сыноолорго жөнөтүлдү.