Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айылындагы Уркуя Салиева мектебинде капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Мектеп 1968-жылы курулуп, андан бери бир дагы жолу капиталдык ондоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Былтыр 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган. Учурда имарат толук жаңыланууда. Иштин жүрүшүндө имараттын ичи жана сырты жаңыланып жасалып, жарыктандыруу, жылытуу системалары алмаштырылат.
Долбоор боюнча мектеп 524 орунга ылайыкталган, оңдоо иштери бүткөрүлсө 1000 жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.


