icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Талас: Курулушка уруксат кагаздары жок объект аныкталды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан аймактагы курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө. 

Текшерүү иштеринин алкагында Талас районуна караштуу Манас айылынын Сыйырбек көчөсү 12 дарегинде курулуп жаткан объектинин курулушка тиешелүү кагаздары жок экендиги аныкталды. Ошондой эле, курулуп жаткан дүкөндүн долбоордук документтери жок жана реестрге катталбагандыгы маалым болду. 

Натыйжада, башкармалык тарабынан объектинин ээсине карата акт түзүлүп айып пул салынды. Мындан сырткары, курулуштун тиешелүү документтери бүткөрүлүп, реестрге турмайынча курулуш иштери токтотулду.