icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Кандава айылында жаңы мектептин пайдубалы куюлду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кандава айылында жаңы мектептин курулушу башталды. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылат. Объекттин наркы 186 миллион сомду түзөт.

Башкы план боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч блоктон турат. Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде жүргүзүлүп, мектепте негизги окуу класстардан тышкары библиотека, лаборатория, балдар, кыздар үчүн эмгек кабинети, актовый жана спорт залдар каралган.

Курулуш иштери “Снайпер” ЖЧКсы тарабынан аткарылып жатат. Учурда объекттин пайдубалы куюлду.