icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Таш-Көмүр шаарында күрөш залы курулууда

Таш-Көмүр шаарында 35 миллион сомго күрөш залы курулууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылууда. 

Башкы план боюнча имарат эки блоктон туруп, эл аралык талаптарга жооп берген күрөш жана бокс залдары бардык шарттары менен салынат. Объекттин жалпы аянты 588 чарчы метрди түзөт. Учурда курулуш иштери 50 пайызга аткарылды.