icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш тармагындагы каскалардын түстөрү жана алардын мааниси

Каска-бул адамдын башын жаракаттан, түшүп кеткен буюмдардан, электр соккусунан же башка тобокелчиликтүү кырдаалдардан коргоо үчүн кийилүүчү баш кийим. Ал көбүнчө курулуш, өндүрүш, өрт өчүрүү, тоо-кен иштери сыяктуу кооптуу тармактарда колдонулат.

Ал эми курулуш объектисинде кызматкерлердин аткарган ишин, статусун жана милдеттерин касканын түсү аркылуу айырмалоого болот:

-Ак каска - жетекчилер үчүн (Прорабдар, инженерлер, башкы адистер)

-Көк каска - кран башкаруучулар үчүн (Машинисттер, көтөрүү жабдууларын башкаргандар)

-Жашыл каска - коопсуздук кызматкерлери үчүн (Эмгекти коргоо адистери, техникалык коопсуздукту көзөмөлдөп тургандар)

-Сары жана кызгылт сары каска - жөнөкөй жумушчулар үчүн (Куруучу, усталар, жардамчы жумушчулар)

-Кызыл каска - курулуш объектисине келген коноктор жана студенттер үчүн (Объект менен таанышууга же практикага келгендер)

-Кара каска - архитекторлор үчүн (Долбоордун авторлору жана көзөмөл жүргүзгөн дизайнерлер)

 Белгилей кетсек, бул курулуш тармагында колдонулган каскалардын түстөрүнө байланыштуу маалымат. Мындан тышкары башка тармактарда да өзүнө таандык каскалар бар.