Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилери көзөмөлдөнүүдө.
Текшерүү иштеринин алкагында Талас шаарынын Бирдике Баатыр көчөсүндө №1 дарегинде модернизациялоодон өтүп жаткан 2 кабаттуу облустук төрөт үйүндө курулуш талаптарынын аткарылбагандыгы аныкталды. Ошондой эле, курулуш иштерин этабы менен бөлүп кабыл алуу эрежелери одоно бузулган.
Натыйжада курулуш
иштерин аткарып жаткан “НакСтрой” ЖЧКсына Укук бузуулар кодексине ылайык 200
000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле кемчиликтерди жоюу
боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.


