Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шералы айылында А.Кулботоев мектебинин курулушу жүрүп жатат. Объекттин наркы 184 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Долбоор боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталган, эки кабатуу окуу корпус спорт залы менен курулат. Жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзгөн билим уяда негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстар каралган.
Курулуш монтаждоо иштери “Агым Прогресс” ЖЧКсы тарабынан аткарылып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө.


