icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Бир катар көчөлөр дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош шаардык башкармалыгы жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен биргеликте дизайн-коддун талаптарына ылайык көчөлөрдү иретке келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Дизайн-код Ош шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө Ош шаарынын А.Шакиров, Н.Исанов, Курманжан-Датка жана А.Масалиев көчөлөрүндө иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Аталган көчөлөрдөгү коомдук имарат, мекеме жана соода жайларынын аталыштары алынууда. Натыйжада дизайн-коддун талаптарына ылайык, көрнөк-жарнак такталары бирдиктүү үлгүдө орнотулат. 

Белгилей кетсек, дизайн-код—бул аймактын архитектуралык көрүнүшүн, көчө-жол тармагын, коомдук жана турак жай объекттерин бирдиктүү стилистикалык багытта өнүктүрүүнү камсыздаган документ.