icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Ак-Талдагы бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында наркы 77 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча курулду . Долбоор республикалык бюдеттен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылды.

Башкы план боюнча бала бакча 90 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Жалпы аянты 892 чарчы метр болгон имаратта уктоо, ойноо, тарбиялык саат өтүү бөлмөсү жана ашканасы бар. Мындан тышкары сырткы аянтчасы балдардын коопсуздугун эске алуу менен жасалды.