Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн,
20-ноябрда Бишкек шаарындагы “Алтай” шаарчасынын курулушуна мезгил кутусун
салуу аземине катышты.
Президентке Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык
чарба министри Нурдан Орунтаев ири курулуш долбоорун тааныштырды.
Президент өз сөзүндө “Алтай” комплекси калктын турак жайга
болгон муктаждыгын жоюу жана шаардык инфратүзүмдү жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн
иштелип чыкканын белгиледи.
“Азыркы учурда 200 миңден ашуун жараныбыз турак жайга муктаж
экенин эске алганыбызда, мындай ири долбоор – мезгилдин талабы! Биз калкыбыздын
муктаждыгын канааттандырмайынча, элибиздин батасын алмайынча өнүгүүбүз кыйын.
“Алтай” долбоору – дал ошол муктаждыкты канааттандырып, элдин батасына арзыйт
деген бекем ишенимдемин”, - деп белгиледи Президент.
“Алтай” – бул 234 гектар аянтта жайгашкан турак жай жана
социалдык комплекстин ири масштабдуу долбоору. Бул жерде 1551 беш кабаттуу
турак үй курулат. Бардыгы болуп ар кандай пландаштырылган 34 004 батир
каралган. Курулуштун жалпы аянты 1 миллион 7 миң чарчы метрден ашат.
Долбоорго ылайык, мектептер, бала бакчалар, поликлиникалар,
ооруканалар, реабилитациялык борборлор, милиция бөлүмдөрү жана өрт-куткаруу
борборлору курулат. Мындан сырткары, эс алуу үчүн аянты 50 гектар болгон чоң
сейил бак, заманбап спорттук жана балдар аянтчалары каралган.
Транспорт тармагы - дээрлик 86 чакырым ички жол, 50 чакырым
тротуар, ошондой эле 34 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайлар болот.


