icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Жылгын айылына заманбап мектеп курулат

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жылгын айылында заманбап М.Барпиев мектеби курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин тендердик баасы 80 миллион сомду түзөт. 

Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, үч кабаттуу окуу корпустан турат. Курулуш иштери заманбап талаптардын негизинде аткарылып, имаратта негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстар каралат. Азыркы тапта имараттын экинчи кабатын тургузуу иштери аткарылууда. 

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө пайдалануудагы мектеп 2012-жылы жеңил конструкциядан 12 жылга курулган. Учурда 368 окуучу билим алууда.