icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Монолит конструкцияларынын бекемдигине көзөмөл жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Баткен шаарындагы Алымбек Датка жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 12 кабаттуу турак жай комплексинин курулуш объектисинде монолиттик темир-бетон конструкцияларынын бекемдиги текшерилди.

Сыноолор МамСТ 22690–2015 талаптарына ылайык аткарылды.  Текшерүу иштери түздөн-түз курулуш аянтында жүргүзүлдү. Бул  монолиттик темир-бетон конструкцияларынын реалдуу бекемдигин бетон менен эсептик бекемдикти орнотуу мезгилинде аныктоого жана алардын долбоордук документтерде көрсөтүлгөн бетон классына ылайыктуулугун баалоого мүмкүндүк берет.

Мындай сыноолор курулуштун сапатын жана коопсуздугун камсыздоонун маанилүү этабы болуп саналат, ошондой эле жумуштарды аткарууда подряддык уюмдун ченемдик талаптарды сактагандыгын тастыктайт.