Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти семинар өткөрдү.
Семинардын темалары: “Кыймылсыз мүлк объекттерин куруу, реконструкциялоо, кайра багытын алмаштыруу жана башка өзгөртүүлөр учурундагы мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү” жана “Департаменттин чарбалык эсепке өтүүсү: негиздер, уюштуруучулук чечимдер жана күтүлгөн өзгөрүүлөр”.
Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы региондорунан келген (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Талас) архитектура-курулуш контролдоо башкармалыктарынын кызматкерлери катышты. Семинардын максаты-көзөмөл жүргүзүү жана башкаруу процессиндеги бирдиктүү системаны орнотуу, адистердин билимин жогорулатуу жана чарбалык эсепке өтүүнү натыйжалуу уюштуруу.
Семинар презентациялар, талкуулар жана суроо-жооптор менен
коштолуп, кызматкерлердин өз ара тажрыйба алмашуусу үчүн ыңгайлуу аянтча болду.


