Ысык-Көл районуна караштуу Өрнөк айылындагы жаңы бала бакчанын курулуш бүткөрүлдү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.
Объекттин курулуш 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен 78 миллион сом каржыланды.
Долбоорго ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталган, заманбап шарттары бар эки кабаттуу имараттан турат. Жалпы аянты 946 чарчы метрди түзөт.


