icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нарын: Ден соолукту чыңдоо борбору пайдаланууга берилди

Бүгүн, 22-ноябрда Нарын шаарынын И. Асанов атындагы  ден соолукту чыңдоочу дене тарбия спорт борбору толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап шарттары менен пайдаланууга берилди. 


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Саттаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.


Борборду оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 33 млн сом жумшалды.


Мындан сырткары ден соолукту чыңдоо борборуна караштуу жерге спортко тийиштүү шарттарды түзүү, жакшыртуу долбоору да кошумча аткарылды.


Аталган борбор эми жергиликтүү тургундар жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн кызмат кылат.