icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Герейт-Шорон мектеби жакында пайдаланууга берилет

Ош облусунун Ноокат районундагы Герейт-Шорон мектебинин курулушу толук бүткөрүлдү, жакында пайдаланууга берилет. Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, наркы 74 миллион сомду түздү. 

Башкы план боюнча мектеп 225 орунга ылайыкталган, эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы бар. Мындан тышкары лаборатория, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек класстары каралган. Объекттин жалпы аянты 1705 чарчы метрди түзөт. 

Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптардын негизинде жүргүзүлүп, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө аткарылды.