icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстандагы 100дөн ашык курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолукту. 

Иш-чарага Куруучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Акматов, министрдин орун басарлары жана министрликтин түзүмүндөгү департаменттердин директорлору, ошондой эле Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин бардык инспекторлору катышты.

Жолугушууда министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлунда чыккан №393 токтомун ишке ашыруу жана ага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, “Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү жобого” толуктоолор киргизилди. Мындан ары курулуп жаткан объекттердин реестрине капиталдык курулуш, реконструкциялоо, имараттарды кайра профилдештирүү жана кайра пландоо объекттерин киргизүү (республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылануучу объекттерден тышкары) акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат. 

Төлөмдүн өлчөмү жана тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет. Ошондой эле, курулуш субъекттери объектини реестрге киргизүүдө Министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине арыз берүүдөн мурда тиешелүү төлөмдү жүргүзөт.

Акы төлөнүүчү кызматтарды киргизүүнүн негизги максаттары:

 • Объекттерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүү

 • Курулуш сапатын жана коопсуздукту жогорулатуу

 • Курулуп жаткан объекттердин реестрин бир калыпта түзүү

 • Курулуш процессинде туруктуу мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылуу

 • Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу

Министр өз сөзүндө бул өзгөртүүлөр курулуш тармагындагы тартипти чыңдоого, объектилерди каттоонун бирдиктүү механизмин түзүүгө жана курулуштун ар бир этабынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи.

“Биздин милдет-ачык, системдүү жана жоопкерчиликтүү көзөмөлдү түзүү жана куруучуларды колдоо”,-деди министр. 

Жолугушуу курулуш компанияларынын жетекчилери тарабынан берилген суроолор жана тактоолор менен коштолду.