icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жалал-Абад: Ала-Букада имараттын багытын өзгөртүү боюнча инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Айры-Там айылындагы имараттын багытын  өзгөртүү боюнча инженердик текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү көп жыл мурда салынган №39 гимназия орто мектебинин имаратын бала бакча багытында колдонуу максатында уюштурулду. Мектеп жетекчилеринин кайрылуусунун негизинде имараттын багытын өзгөртүү боюнча анын инженердик-техникалык абалы баланат. 

Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, конструкциялык схемасын жана бүгүнкү күндөгү абалын изилдеди. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, мүмкүн болгон кемчиликтердин жана бузулуулардын себептерине талдоо жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.