Ош
облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Биймырза айылында наркы 70 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча курулду. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө салынды.
Башкы планга ылайык бала бакча 120 орунга ылайыкталган эки кабаттуу имараттан турат. Курулуш-монтаждоосу заманбап талаптардын негизинде аткарылды.