icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Көөчү айылында эки кабаттуу жаңы мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын Осмонов көчөсү 86 дарегинде эки кабаттуу жаңы мектеп курулуп жатат. Жалпы аянты 1351,74 чарчы метр.

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралып, республикалык бюджеттен каржыланууда. 

Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жатат. Жаңы мектепти 2026-жылдын жай айына чейин бүткөрүү пландалууда. 

Учурда жаңы мектептин бүткөрүлүшүн күткөн 500гө жакын окуучу 15 жыл мурда курулуп, жер титирөөдөн улам кооптуу абалга кептелип калган эски мектепте билим алууда.