Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Баткен шаарындагы Чет-Булак участкасында курулуп жаткан 10 000 орундуу стадиондун курулуш аянтындагы топурактан үлгүлөр алынды.
Топуракты сыноо МамСТ 28514-90 талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Сыноо иштери тапталган топурактын тыгыздыгын, сапатын аныктоого багытталган, бул келечектеги спорттук объектинин бекемдигин жана узак мөөнөттүүлүгүн камсыз кылуудагы негизги этаптардын бири болуп саналат.
Алынган үлгүлөр андан ары талдоо жүргүзүү үчүн лабораторияга жөнөтүлдү. Жыйынтыктар аткарылган жер иштеринин ченемдерге ылайыктуулугун баалоого мүмкүндүк берет жана кийинки курулуш конструкциялары үчүн негиздин ишенимдүүлүгүн тастыктайт.


