Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Майлуу-Суу шаардык башкармалыгы тарабынан эски борбордук паркты жаңылоо боюнча эскиздик долбоору иштелип чыкты.
Борбордук парк шаардын М.Конгантиев көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 3700 м2. Долбоорго ылайык, оргума, чакан концерттик сахна залы, балдар аянтчалары, бильярд, теннис ойноочу жайлар жана жергиликтүү тургундар үчүн сейилдөөгө ылайыкташкан жашыл аймак каралган.
Азыркы учурда
курулуш иштери 50 пайызга бүткөрүлүп иш кызуу жүрүүдө.


