Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясы тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы бир катар көчөлөрүндө көчмө текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө адистер Маловодное, Пушкин, Биринчи май жана башка көчөлөрдө төшөлгөн асфальт-бетондун керн үлгүлөрүн алды. Алынган үлгүлөр физико-механикалык сыноолорду жүргүзүү үчүн лабораторияга жөнөтүлдү.
Бардык сыноолор аяктагандан кийин жол иштеринин сапаты боюнча объективдүү маалыматтар даярдалат. Натыйжалар төшөлгөн жолдун белгиленген стандарт жана талаптарга шайкештигин баалоого мүмкүндүк берет.


