Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Кербен шаарында жаңы курулуп жаткан медициналык борбордун имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.
Борбор Кербен шаарынын Жибек-Жолу көчөсүндө жеке ишкер тарабынан курулуп жатат. Иш-чаранын максаты аталган объектинин курулуш ченемдерине жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына шайкештигин аныктоо болуп саналат.
Текшерүүнүн журүшүндө адистер имараттын долбоордук документтерин деталдуу карап чыгып, конструкциялык бөлүктөрүнүн ишенимдүүлүгүн баалоого багытталган өлчөөлөрдү жүргүздү. Ошондой эле мүмкүн болгон техникалык кемчиликтерди аныктоо максатында кошумча инженердик чиймелер түзүлдү.
Жыйынтыгында
институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду
даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.


