Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы В. Кайкин атындагы орто мектеп 47 жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Бүгүнкү күндө мектептин ичиндеги иштер бүткөрүлүп, жууп-тазалоо этабына жетти. Ал эми сырткы футбол талаасы толук жаңыланып, учурда мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Мындан тышкары мектепке сырткы баскетбол жана волейбол талаасы салынды.
Курулуш иштери
Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан
аткарылып жатат. Капиталдык оңдоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин толук аяктоо
пландалууда.
Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы пайдаланууга берилип, андан бери косметикалык оңдоп-түзөө гана жүргүзүлүп келген. 2025-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган.


