Сырттан алынып келген арматуранын үлгүлөрү лабораторияга жөнөтүлдү
Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринин биринде сырттан алынып келген арматурага сертификациялоонун көчмө текшерүүсү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө борбордун адистери лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн ар кандай диаметрдеги арматуранын үлгүлөрүн алды. Алынган үлгүлөрдүн физикалык-механикалык касиеттерин изилдөө үчүн сыноо лабораториясына жөнөтүлдү.
Сыноонун жыйынтыгы боюнча материалдын белгиленген стандарттарга шайкештиги жөнүндө сыноо протоколу берилет. Сертификациялоо Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 29-январындагы №18 Мыйзамына ылайык шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоого тийиш болгон продукциянын тизмесине кирген бардык курулуш материалдары үчүн милдеттендирилген иш болуп саналат.
Сыноодон өткөрүүгө арыз берүү үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Бишкек шаары, Москва көчөсү 190 же rcss.bb.kg расмий сайтындагы онлайн формасын колдонуңуз.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору курулуш тармагынын катышуучуларына материалдардын сапатын өз убагында текшертүүнүн жана колдонуудагы стандарттарды сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.


