icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкек: БУУнун имаратына инженердик-динамикалык текшерүү жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Бишкек шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун административдик имаратына инженердик-динамикалык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү Чүй проспектиси 160 дарегинде жайгашкан 3 кабаттуу имараттын курулуш конструкцияларынын инженердик-динамикалык параметрлерин аныктоо максатында жүргүзүлдү. Инженердик-динамикалык текшерүүнүн натыйжасында имараттын коопсуздугу жана эскплуатациялык туруктуулугу боюнча маалымат алууга болот.

Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, учурдагы абалын изилдеди. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, имараттын конструкцияларына инженердик жактан талдоо жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.