icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Кара-Кулжадагы коомдук маданий борбордун курулушу кызуу жүрүүдө

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы коомдук маданий борбордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Каржылоо Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан жүргүзүлүп, 150 млн сом каралган.

Курулуш иштери 2025-жылдын 7-июлунда башталып, учурда ички жасалгалоо, фасаддын сыртындагы жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аймактын жалпы аянты-3986,97 чарчы метр. 

Долбоорго ылайык, 3 кабаттан турган имаратта (кошумча жертөлөсү бар) кинотеатр, машыгуу залы, тейлөөчү уюмдар, банк филиалдары, конференц-зал жана башка бөлмөлөр жайгашат. Ошондой эле автоунаа токтотуучу жай да каралган.

Долбоордун ишке ашырылышы аймактагы инфратүзүмдү жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.