Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы А. Дейдиев көчөсүндө жайгашкан бетон аралашмаларын өндүрүүчү заводдо текшерүү жүргүзүлдү.
Көчмө текшерүүнүн алкагында адистер өндүрүштүк аянттарды карап чыгып, технологиялык жана техникалык документтерди изилдеди. Ошондой эле кийинки лабораториялык сыноолор үчүн үлгүлөрдү-куб жана цилиндр формасында тандап алды. Тандалган үлгүлөр бекемдикке жана башка физикалык-механикалык көрсөткүчтөргө текшерилет.
Сыноолордун жыйынтыгы боюнча өндүрүлгөн продукциянын колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүсү же келбестиги жөнүндө чечим кабыл алынат.
Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору материалдардын сапатын көзөмөлдөө менен курулуш объекттеринин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.


