icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош: Кең-Жылга айылында 275 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ош облусунун Алай районуна караштуу Кең-Жылга айылында №27 Жоро Алимов мектеби курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, объекттин тендердик баасы 120 миллион сомду түзөт. 

Башкы планга ылайык мектеп 275 орунга ылайыкталган, эки кабатуу окуу корпусунан турат. Мектепте негизги окуу класстардан тышкары лаборатория, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, китепкана, кыздар жана балдар үчүн эмгек класстары каралган. 

Объекттин жалпы аянты 1659 чарчы метрди түзөт. Азыркы учурда имараттын экинчи кабаты тургузулуп, чатырын жабуу иштери жүрүп жатат.