Бүгүн, 28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Курулуш министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери үчүн жаңы имараттын курулушун баштап берди.
Долбоорго ылайык, борбордун бардык бөлүмдөрү жана кызматкерлери жайгаша турган заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жаңы имаратта жумушчу бөлмөлөр, конференц-зал, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүү үчүн атайын окуу бөлмөлөрү каралган.
Борбордун келечектеги кеңсеси Ж.Бөкөнбаев көчөсү 88 дарегинде жайгашат. Долбоор ишке ашкандан кийин бардык бөлүмдүн кызматкерлери бир имаратта иштей алат, бул өтүнмөлөрдү ыкчам кабыл алууга жана тейлөө сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун имараты жок болгондугуна байланыштуу Бишкек шаарынын Москва көчөсү 190 дарегиндеги имаратта ижарада иштеп келет. Эми Курулуш министринин тапшырмасына ылайык борбор үчүн биринчи жолу бардык заманбап талаптарга жооп берген атайын имараттын курулушу башталды.


