28-ноябрда Бишкек шаарынын Элебаев көчөсү 48 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинде коопсуздук техникалык эрежелери сакталбай жаткандыгы тууралуу жашоочулардан видео кайрылуу келип түшкөн.
Курулуш министрилигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан көрсөтүлгөн дарек боюнча ыкчам аракеттер көрүлдү. Аталган курулуш объектисиндеги иштерден улам жанаша жайгашкан аймакка кооптуу абал жаралып, техникалык коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы маалым болду.
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Курулуш” ЖЧКсына карата акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле, кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күн убакыт берилип, курулушу убактылуу токтотулду. Мындан сырткары, курулуш компаниясынын лицензиясын токтотуу маселеси атайын түзүлгөн комиссиянын отурумунда каралат.
Кыргыз
Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба
министрлиги курулуш уюмдарын Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана
архитектура жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин, ошондой эле курулуштагы коопсуздук
техникалык талаптарын толук сактоо зарылдыгын эскертет. Эгер сакталбаган учур
аныкталса тиешелүү чаралар көрүлөт.


