icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Токтогулда жаңы балдар реабилитациялык борборунун курулушу башталды

29-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы курулушу жаңы башталган бир катар объектилер менен таанышты.

Алардын бири Токтогул шаарынын Момункулов көчөсү 27/2 дарегинде курулуп жаткан майыптыгы бар балдар үчүн курулуп жаткан реабилитациялык борбор. Жалпы аянты 1746,95 чарчы метр.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарыУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда.

Долбоорго ылайык, 3 кабаттуу имарат жертөлөсү менен курулат. Имараттын 1-кабатында кабыл алуу, ата-энелер менен жолугушуу, процедуралык жана кызматкерлер бөлмөсү ошондой эле ашкана жайгашат. 2 жана 3-кабатта палаталар, балдар жана кыздар үчүн өз-өзүнчө санитардык, ванна бөлмөлөрү, процедуралык жана кир жыйноочу бөлмөлөр каралган. Имарат заманбап талаптарга жооп берип, бардык керектүү пандустар менен камсыздалат.

Курулуш иштери министрликке караштууКыргызкурулушишканасы тарабынан ишке ашырылат.