icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Токтогулда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районуна караштуу Таласбай кичи районунда курулуп жаткан жаңы мектептин курулушу менен таанышты.

Аталган мектеп Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарыУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык курулууда. 

Долбоорго ылайык, 750 орунга ылайыкталган мектеп 3 кабаттан турат. Окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 8 625,0 чарчы метр. 

Курулуш иштери министрликке караштууКыргызкурулушишканасы тарабынан ишке ашырылат. Ал эми мектептин долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.