Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы жаңы салынган имаратка инженердик текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүү жаңы курулуп бүткөн окуу борборунун имаратынын бүгүнкү күндөгү техникалык абалын аныктоо максатында уюштурулду.
Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, учурдагы абалын изилдешти. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, имараттын конструкцияларын инженердик жактан талдоо жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы
боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар
иштелип чыгат.


