Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы Ички иштер министрлигинин маалымкатынын негизинде жана Экономика министрлиги менен макулдашылган буйруктун алкагында аймакта пландалган текшерүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылындагы "Лонг Хай" ЖЧКсына таандык карьердин аймагына "ЧиЛинг Строй" ЖЧКсынын мыйзамсыз бетон аралаштыруучу түйүн орноттону аныкталды. Мындан улам, "ЧиЛинг Строй" ЖЧКга карата административдик чара көрүлүп, 200 000 (эки жүз миң) сом айып салынды.
Ошондой эле “ЧиЛинг Строй” ЖЧКсынын Ысык-Көл облусундагы башка объектилерге бетон аралашмасын сатуу аракеттерине байланыштуу мыйзамга ылайык текшерүү үчүн тиешелүү документтер чогултулууда.
Курулуш министрлиги компанияларды курулуш
иштерин мыйзам чегинде гана жүргүзүүгө чакырат. Ошондой эле курулуштагы
коопсуздук жана техникалык талаптарды толук сактоо зарылдыгын эскертет. Эгер
талаптар сакталбаган учурлар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.


