icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Кочкордогу райондук жаңы оорукананын курулушу менен таанышты

30-ноябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор айылынын С.Орозбаков көчөсү 260 дарегинде курулуп жаткан райондук жаңы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоорго ылайык, оорукана жертөлөсү менен кошо төрт кабаттуу эки корпустан турат. Имарат керектүү шарттар менен камсыздалып, заманбап талаптарга толук жооп берет. Курулуш иштери министрлик тарабынан көзөмөлдөнүп, Президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда. 

Белгилей кетсек, оорукананын курулушу үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен башталган.