icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен: Мыйзамсыз курулуш боюнча эскертүү берилип, айып салынды

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш департаментинин Баткен регионалдык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана объектилердеги курулуш ченемдеринин сакталышын текшерүү иштери уланууда. 

Иш-чаранын алкагында Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндө курулуп жаткан ашкананын 2-кабаты боюнча тиешелүү архитектуралык документтери жок курулуш-монтаждоо жумуштары башталгандыгы, мындан тышкары техникалык коопсуздук эрежелери толук аткарылбагандыгы аныкталды.

Натыйжада ашкананын ээси Н. Алимжановго карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле административдик протоколдун негизинде 200 000 (эки жүз миң) сом айып салынды. Мындан сырткары, ашкананын экинчи кабатындагы курулуш иштери боюнча тиешелүү документтерди алуу талабы коюлду. 

Курулуш министрлиги бардык куруучуларды курулуш иштерин мыйзам чегинде гана жүргүзүүгө чакырат. Ошондой эле курулуштагы коопсуздук жана техникалык талаптарды толук сактоо зарылдыгын эскертет. Эгер талаптар сакталбаган учурлар аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт.