icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Өзгөн шаарында 261 миллион сомго мектеп курулууда

Ош облусунун Өзгөн шаарында 261 миллион сомго жаңы мектеп курулууда. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылат.

Башкы план боюнча мектеп 500 орунга ылайыкталып, алты блоктон турат. Имараттын жалпы аянты 5897 чарчы метрди түзүп, заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпусу жана спорт залы менен салынууда. Мындан тышкары сырткы футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары да каралган.

Курулуш-монтаждоо иштерин «КСУ» ЖЧКсы аткарууда. Азыркы тапта мектептин экинчи кабатына плита орнотуу иштери жүрүп жатат.