icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Токтогул райондук ооруканасына кошумча 3 кабаттуу жаңы корпус курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы райондук оорукананын кошумча корпусунун курулушу менен таанышты.

Курулуш иштери ушул жылдын октябрь айында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен башталган. Бүгүнкү күндө жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы башталды. 

Долбоорго ылайык, 100 койкалуу кошумча корпус үч кабаттан турат. Ошондой эле жертөлөсү да бар. Имараттын жалпы аянты 3863,57 чарчы метр. Долбоор ишке ашкандан кийин район тургундары үчүн медициналык тейлөөнүн сапаты жогорулап, бейтаптарды кабыл алуучу орундар кеңейип, ооруканадагы шарттар бир топ жакшырат. 

Курулуш иштери министрликке караштуу “Кыргызкурулуш” ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Ал эми корпустун долбоору Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыкты.