Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгы тарабынан Баткен облусунун Раззаков шаарында (Стандартная аймагы) жайгашкан керамикалык кыш чыгаруучу заводго текшерүү жүргүзүлдү.
Иш сапардын алкагында адистер өндүрүш технологиясы менен кенен таанышып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалады. Ошондой эле сертификациялык сыноолорду жүргүзүү үчүн керамикалык кыштын үлгүлөрү алынды.
Сыноолордун жыйынтыгы боюнча продукциянын ченемдик документтин талаптарына шайкештиги боюнча чечим кабыл алынат. Сертификаттоо-сапаттуу жана коопсуз курулуш материалдарын рынокко чыгаруудагы маанилүү этап болуп саналат.


