icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл: Бирлик айылында жаңы бала бакча курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Бирлик айылында 100 орундуу жаңы бала бакча салынууда. Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланып, 2024-жылы башталган. Объекттин тендердик баасы 80 миллион сомду түзөт.

Жаңы бала бакча заманбап талаптарга жооп берген, эки кабаттуу имараттан турат. Курулуш иштерин «Петра Строй» ЖЧКсы жүргүзүп жатат.